"Чет мамлекеттердеги жогорку окуу жайларда окуган байлардын балдары өлкөбүздү уят кылышууда", - деди бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев.
Анын айтымында, чет өлкөлүк университеттер Кыргыз Республикасынын абитуриенттерине бөлгөн квоталар көп учурда байланыштар жана тааныштар аркылуу берилүүдө. "Бул квоталар окууну каалаган балдарга гана берилиш керек. Окуу жылы жакында аяктайт. Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө квоталар тууралуу маалымат жеткирүү керек. Билим берүү жана илим министрлиги, Тышкы иштер министрлиги жана элчиликтерибиз квоталарды мыкты окугандарга бериши керек. Тилекке каршы, чет мамлекеттерде окуу мүмкүнчүлүгү байлардын балдарына берилип жатат. Мындай студенттер өлкөбүздү уят кылышууда", - деди Акаев.