Жогорку Кеңештин 28-апрелдеги жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев премьер-министр Сооронбай Жээнбековго "Кумтөр" маселеси боюнча суроо берди.
"Акыркы 3 жыл ичинде Жогорку Кеңеш "Кумтөр" боюнча 4 токтом чыгарган. Өкмөт төртөөнү тең аткарбай жатат. "Кумтөр" маселеси качан чечилет?" - деп сурады Абдылдаев.
"Бул маселе 20 жылдан бери чечилбей жатат. Аны чечүү багытында иштей баштадык. Президенттик аппарат да иштеп жатат. Жыйынтыгы качан чыгарын так айта албайм, бирок катуу аракеттер болуп жатат", - деп жооп берди Жээнбеков.