Жогорку Кеңештин депутаты Лунара Мамытова депутаттык мандатынан ажыратылды. Мындай чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 6-майдагы жыйынында кабыл алды.
Лунара Мамытова депутаттыктан кетүү тууралуу өз каалоосу менен арыз жазган. "Мен үчүн адам бойдон калуу - башкы максат. Кресло үчүн өлбөйм! Өлкөбүздүн саясий чөйрөсүндө аз убакыт болсом да, саясаттын чыныгы жүзүн биле алдым. Депутаттык ишмердигимде саясатчылардан көңүлүм калган учурлар болду. Саясатта бул кадимки көрүнүш", - деп жазган депутат.
Мамытова Жогорку Кеңешке "Бир бол" фракциясынан депутат болуп келген.