Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз радиосун 85 жылдыгы менен куттуктады

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-майда Кыргыз радиосун 85 жылдыгы менен куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат:

"Кымбаттуу Кыргыз радиосунун эмгек жамааты! Урматтуу мекендештер!

Баарыңыздарды Кыргыз радиосунун 85 жылдык мааракеси менен куттуктайм!

1931-жылы негизделген Республикалык радиокомитет кыргыз өлкөсүнүн тарыхы менен тыгыз байланышта өнүгүп-өсүп келатат. Улуттук радиожурналистика да ошол кезден башат алып, кыргыз үнү ободон өз ордун ээлеген. Бул улуу иштин сап башында радиокомитеттин биринчи төрагасы Сүйүнтбек Бектурсунов, туңгуч музыкалык кызматкерлери Калык Акиев, Пётр Шубин, Жумамүдүн Шералиев, алгачкы дикторлор Алиман Жангорозова, Касымалы Бектенов, Сакин Бегматова жана башкалар турган.

Эгер алгачкы жылдары радиобуз улуттун сабатын ачканга, маданий жана руханий мурасын жандандырганга салымын кошсо, Улуу Ата Мекендик согуш жылдары элдин көзү да, кулагы да, кат ташыган көгүчкөнү да катары кызмат кылган. Согуш жылдарында атактуу диктор Юрий Левитандын кайталангыс үнүнүн таасиринен Капар Алиев, Гүлниса Мамбетова, Валентина Гонтарь, Абилезим Ниязов, Гүлчай Норузбаева сындуу улуттук дасыккан дикторлор өсүп чыккан. Кыргыз дикторлорунун мектеби Советтер Союзунда эң күчтүү деп таанылган.

Өткөн кылымдын 50-жылдарынан кийин Кыргыз радиосунун гүлдөп-өсүү доору башталган, анткени бул мезгилде улуттук маданиятыбыз, билим берүүсү жана илими кескин жанданган. Мисалы, Кыргыз радиосунун базасында жаралган, СССР Эл артисти Асанкан Жумакматов башында турган чоң симфониялык оркестр менен камералык хор өлкөбүздүн кыйырынан чыгып, алыскы жерлерге улутубуздун үнүн, жүзүн тааныткан.

Кыргыз радиосу – элдик көөнөргүс казынанын уюткусу, ордосу. Радионун “Алтын казынасында” 12 миң сааттан ашык залкар чыгармалар, Саякбай, Карамолдо, Атай, Муса, Айтматов, Сыдыкбеков, Миңжылкыев сындуу улут сыймыктарынын асыл мурастары таберик болуп сакталып турат.

Азыр Кыргыз радиосунун учу узарып, кыйыры кеңейип, өз алдынча үч канал, беш радио өсүп чыкты. Алар калкыбыздын маалыматка, маданий азыкка болгон талаптарын ар тараптан канааттандырып жатат. Аны менен бирге агартуучулук, таалим-тарбиялык милдетин өтөп, өнөр менен чыгармачылыктын, жаратмандык менен ынтымактын ордосу болуп калды.

Быйылкы Тарых жана маданият жылында Кыргыз радиосунун таланттарга бай үй-бүлөсү ата-бабалар мурасын арттырууга зор салымын кошот деп ишенем.

Улутубуздун үнү болгон Кыргыз радиосу арыбасын, сапары карыбасын! 85 жылдык мааракебиз ак жолтой болсун!"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан