Депутаттар Ысык-Көлдөгү Өзбекстандын 4 пансионатын жеке менчикке сатууну сунушташты

Ысык-Көлдө жайгашкан Өзбекстандын 4 пансионаты мамлекеттин карамагына алынганы менен, алардын макамы азыркыга чейин аныктала элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 19-майдагы жыйынында депутат Узарбек Жылкыбаев билдирип, пансионаттарды талашкандар чыгып жатканын айтты. Аталган жайларда иштеген кызматкерлер, туристтик фирмалар эмгек акы ала алышпай жатканы белгиленди.

"Ысык-Көлдө туристтик мезгил башталып калды. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду пансионаттардын макамын тезинен аныктап бериши зарыл, антпесе талаш-тартыш дагы арбыйт. Менимче, эс алуу жайларын аукцион аркылуу жеке менчикке сатуу туура болот", - дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан