Мелис Турганбаев ички иштер министри кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка бүгүн, 30-майда президент Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, президент премьер-министрдин сунушу менен ИИМдин башчысынын милдетин аткаруучу кызматына Кашкар Жунушалиевди дайындады.
Айта кетсек, Кашкар Жунушалиев буга чейин Бишкек ШИИББинин башчысы болгон.