Биз социалдык тармакта

Ошто көп кабаттуу үйдүн жанына курулган мыйзамсыз жайлар буздурулууда (видео)

Ош шаарындагы Пайзилда Айтматов көчөсүндө муниципалдык жерге уруксатсыз курулган чарбалык жайларды бузуу иштери башталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Ош шаарынын мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, көп кабаттуу үйдүн биринчи кабатына туташтырылып курулган чарбалык жайлар, тосмолор, дубалдар жана дарбазалар алынууда. Иштерди мэриянын Муниципалдык менчик башкармалыгы жүргүзүүдө.

"Тиешелүү уруксат документтери жок муниципалдык жерге курулган объектилер мыйзамсыз деп эсептелет. Мындай курулуштарды тазалоо жана шаар аймагын иретке келтирүү иштери улантылат",- деп жазылат маалыматта.

Ошто көп кабаттуу үйдүн жанына курулган мыйзамсыз жайлар буздурулууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан