Биз социалдык тармакта

Мурас-ордолуктар жаңы автобус каттамын кубануу менен тосуп алышты (видео)

Кечээ, 25-ноябрда Бишкектеги Мурас-Ордо конушу менен "Ош базарын" байланыштырган №41 автобус каттамы ишке кирди. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалым болгондой, алгачкы каттамга чыккан айдоочуну конуштун тургундары кубанышып, сары май ооз тийгизип, таттуулар менен жылуу маанайда тосуп алышты.

"Буга чейин Мурас-Ордо конушуна №43 автобус каттап келген. Ал эми жаңы №41 каттамды "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасы тейлейт",- деп кошумчалады мекеме.

Мурас-Ордо конушунун жаңы каттамына кубанган тургундар
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан