Биз социалдык тармакта

Умра сапарын уюштурган туристтик компанияларга эскертүү берилди

Кечээ, 25-ноябрда Ички иштер министрлигинин демилгеси менен 2026–2027-жылдардагы умра сезонуна аккредитациядан өткөн туристтик компаниялардын жетекчилери менен чукул жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынан билдиришти.

Жыйынга муфтияттын, Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин, ИИМдин өкүлдөрү жана туристтик компаниялардын жетекчилери катышты.

Анда умра сапарларын уюштурууда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, туристтик компаниялардын жоопкерчилигин жогорулатуу, зыяратчылардын укуктарын жана коопсуздугун коргоо маселелери талкууланды.

Ошондой эле жыйындын катышуучуларына "Нур Умра Трэвел" компаниясынын ишмердүүлүгүндө буга чейин орун алган мыйзам бузуулар тууралуу маалымат берилип, мындай жагдайларга жол бербөө эскертилди.

Жыйындын соңунда туристтик компаниялардын мамлекеттик органдар жана муфтият менен тыгыз кызматташуусу, зыяратчылардын кызыкчылыктарын коргоосу жана умра сапарларын коопсуз уюштуруусу зарыл экени белгиленди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан