Биз социалдык тармакта

Меккедеги 250дөн ашуун зыяратчы Кыргызстанга кайта албай жатат (видео)

"Нур Умра Трэвел" компаниясы аркылуу кичи ажылыкка барган 250дөн ашык кыргызстандык жаран Сауд Арабиядан Кыргызстанга кайта албай, убактылуу жатаканага жайгаштырылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Умра бөлүмүнүн башчысы Абдулазиз Туташпаев "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, муфтийдин тапшырмасы менен атайын комиссия түзүлүп, зыяратчылардын коопсуздугу көзөмөлгө алынган. Учурда аларга авиабилет алуу маселеси да чечилип жатат.

"Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Сауд Аравиядагы өкүлдөрү жана мекендештердин жардамы менен умрага барган жарандар ал жактагы Кыргызстанга тиешелүү жатаканага жайгаштырылды. Учурда алардын коопсуздугу толук көзөмөлгө алынды",- деди ал.

Туташпаевдин айтымында, учурда зыяратчыларга авиабилеттерди алуу маселеси каралууда. Муфтият бардык жарандарды жакынкы эки күндүн ичинде Кыргызстанга кайтарууну пландаштырууда.

Эске салса кетсек, буга чейин аталган компания аркылуу умрага барууну көздөгөн 140ка жакын кыргызстандык виза жана авиабилет маселесинен улам Ташкенттин аэропортунда калып калган. Окуядан кийин компаниянын жетекчиси кармалган. Ошондой эле "Нур Умра Трэвел" компаниясынын 2026-2027-жылдардагы умра сапарларын уюштурууга берилген аккредитациясы жокко чыгарылган.

Сауд Аравияда калган 250дөн ашык зыяратчыны эки күндүн ичинде кайтаруу пландалууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан