Евро-2016: Испания курамасы Түркияны ири эсепте утуп, мелдештин жарым чейрек финалына жолдомо алды

Испания-Түркия - 3:0

Голдор: Альваро Мората (34-мүнөттө), Нолито (37-мүнөттө), Альваро Мората (48-мүнөттө).

18-июнга караган түнү Франциядагы Европа чемпиондугунда Испания курамасы "D" тайпасында Түркия менен беттешти. Беттеш 3:0 эсебинде испаниялыктардын жеңиши менен аяктады. Жыйынтыгында түркиялыктар мелдеште алгачкы упайга ээ болуп планын кийинки оюнга жылдырса, Испания плей-офф баскычына (жарым чейрек финал) жолдомо алды.

Испаниялык футболчулар бул беттеште эч кандай кыйынчылыкка туш болушкан жок. Машыктыруучу Висенте Дель Боскенин шакирттери алгачкы мүнөттөрдөн тарта алгач топ менен майдандын көпчүлүк бөлүгүн ээлеп, көп өтпөй демилгени колго алышты. Түркиялыктардын каршы чабуул уюштуруу аракеттери натыйжа берген жок. Жыйынтыгында Испания курамасы атаандашты топсуз чуркатып, эч кандай мүмкүнчүлүк берген жок. 48-мүнөттө киргизилген голдон кийин учурдагы Европа чемпиону коргонууга ыктап, атаандашка ойноо мүмкүнчүлүгүн берди. Бирок чабуул уюштурууда атаандаштын коргонуусун жарып кире албаган түрк футболчулары чарчап калышты. Жыйынтыгында оюн ушундай нукта уланып, 3:0 эсебинде жыйынтыкталды. Бул 2016-жылкы Европа чемпиондугунда азырынча катталган эң ири эсептеги жеңиш болуп эсептелинет.

"D" тайпасында катталган оюндар:

1-тур.

Хорватия-Түркия - 1:0

Испания-Чехия - 1:0

2-тур.

Хорватия-Чехия - 2:2

Испания-Түркия - 3:0

Мелдеш жадыбалы:

1. Испания - 6 упай

2. Хорватия - 4 упай

3. Чехия - 1 упай

4. Түркия - 0 упай

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
mma_fighter
2016-06-18 13:13:15
Турк туугандар эми кийинки оюнга жакшы даярдангыла
0
KaiMak
2016-06-18 13:54:32
базар жок. Германия же Франция чемпион болот
-2
chyngyzbeka
2016-06-18 18:59:35
Ииспандар дагы кыйын ойношот бирок
0
USSRKG
2016-06-18 19:04:01
Франция чемпион болот
0
admin_portal
2016-06-20 13:49:33
flow23, chupachups-89, башка улуттун кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынат!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан