Теги алжирлик болгон атактуу француз футболчусу, 3 жолку Дүйнөнүн мыкты оюнчусу (1998, 2000, 2003) Зинедин Зидан 44 жашка толду. Ал 1972-жылы 23-июнда Франциянын Марсель шаарында туулган.
Клубдук карьерасын “Канн”, “Бордо”, "Ювентус", "Реал Мадрид" клубдарында өткөрүп, Европадагы бир катар ири мелдештерде жеңишке жетишкен. Франциянын улуттук курамасында лидер катары 1998-жылы Дүйнө чемпиондугун, 2000-жылы Европа чемпиондугун утуп калган. 2006-жылы Германияда өткөн Дүйнө биринчилигинде финалда Италиянын коргоочусу Марко Матераццини башы менен сүзүп, калыс тарабынан оюндан четтетилген. Бул беттеш анын профессионалдык карьерасындагы акыркы беттеши болуп, футболчу чоң футбол менен коштошкон.
Карьерасын аяктаган соң Зидан өзүн машыктыруучу катары сыноону чечкен. 2016-жылга чейин ал жаш футболчулар менен иштеп, тажрыйба топтоп келген. Үстүбүздөгү жылдын башында ал "Реал" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу кызматын аркалай баштаган. Машыктыруучу катары ал сезон соңунда УЕФАнын Чемпиондор Лигасын утуп алды.