Бишкектин борбордук бөлүгүндө сырткы жарнакты жайгаштырууга тыюу салуу сунушталды

Депутат Өмүрбек Текебаев "Жарнак жөнүндө" мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Текебаевдин айтымында, бул мыйзам долбоорунун максаты – Кыргыз Республикасынын борбор шаарын заманбап көрүнүшкө келтирүү. "Бишкекте жарнактык такталардын саны өтө көп, 1421 даана (Г, П, Т түрүндө). Алардын ичинен ири габариттүүсү 732 даана (мегаборддор), орточо стандарттагысы 689 даана. Жарнактык такталар шаардын борбордук бөлүгүндө: Манас, Чүй кең көчөлөрүндө жана Байтик баатыр көчөсүндө арбын жайгашкан, бул борбор шаарга такыр жол бербей турган жагдай", - дейт Текебаев.

Мыйзам долбооруна ылайык, Ю.Фучик-Жибек-Жолу-Шабдан баатыр-И.Ахунбаев көчөлөрү менен чектелген Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө сырткы жарнактын төмөнкү каражаттарын жайгаштырууга тыюу салынат:

- пилондор (бургучтар);

- сити-борддор (сити-борддун жарнактык тегиздигинин бир жагынын өлчөмү 3x4 метрден ашык эмес, жарнак түшүрүлгөн сүрөттүн өлчөмү 3x2 метрди түзөт);

- аялдамаларда, көчөлөрдүн боюнда жайгашкан Г, П, Т түрүндөгү такталар (жарнактык тегиздигинин өлчөмү 6x3 метр жана 4x9 метр түзөт), ошондой эле көчөнүн өтө турган бөлүгүнө жана газондордун үстүнө таянычтары түшкөн такталар;

- суперборддор (суперборддун жарнактык тегиздигинин бир жагынын өлчөмү 12х4 метр, жарнак түшүрүлгөн сүрөттүн өлчөмү 12х4 метр);

- Г, П, Т түрүндөгү суперсайттар (суперсайттын жарнактык тегиздигинин бир жагынын өлчөмү 15x5 метр, жарнак түшүрүлгөн сүрөттүн өлчөмү 15х5 метр);

- арка (жарнактык тегиздигинин өлчөмү 24х5 метр, 12х3 метр, 6х3 метр);

- транспаранттар;

- аянты 3x4 метрден кем эмес жарнактык аянтка ээ сырткы жарнак каражаттары, конструкция;

- жана башкалар.

Бул берененин талаптары кыймылсыз мүлктүн объектилерине (имараттар, курулмалар ж.б.) бириктирилген жер тилкелеринде жана жакшыртылган жана салттуу эмес жарнак объектилеринде жайгаштырылган сырткы жарнактын кичи форматтагы каражаттарына тарабайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан