Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Тяньцзинь шаарына (Кытай Элдик Республикасы) 27-28-июнь күндөрү өтүүчү "Жайкы Давос-2016" Дүйнөлүк экономикалык форумунун 10-мааракелик жыйынына катышуу үчүн барганын өкмөттөн кабарлашты.
"Жайкы Давос-2016" Дүйнөлүк экономикалык форумуна катышуу алкагында өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун Кытай Элдик Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян жана Дүйнөлүк экономикалык форумдун президенти, профессор Клаус Шваб менен эки тараптуу жолугушуусу пландаштырылган.
Белгилей кетсек, "Жайкы Давос-2016" форумунун кеңешмеси дүйнөлүк 90 мамлекеттин делегациясынын катышуусунда "Төртүнчү өнөр жай революциясы жана анын өзгөртүүчү таасири" аталышында өтөт.
"Жайкы Давос-2016" Дүйнөлүк экономикалык форуму алгач ирет 2007-жылы сентябрь айында Ляонин провинциясынын Далянь шаарында (КЭР) өткөн. Биринчи кеңешменин ишине дүйнөнүн 90 өлкөсүнөн 1700гө жакын өкүл катышкан. Катышуучулар тарабынан дүйнөлүк соода, жаңы ийгиликтүү ишканалардын үлгүлөрү жана аспаптары, ошондой эле глобалдык чакырыктарга каршы туруу жолдору талкууланган.