1-июлда Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков маалымат жыйын өткөрөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, анда төрага Турсунбеков парламенттин VI чакырылышынын 2015-2016-жылдары аткарган иштери, кабыл алынган маанилүү мыйзам долбоорлору тууралуу маалымат бермекчи. Мындан тышкары ал журналисттердин суроолоруна жооп берет.
Айта кетсек, июль-август айларында Жогорку Кеңештин депутаттары жайкы каникулда болуп, 1-сентябрда жумушун улантышат.