Өкмөт башчы Бишкек-"Манас" аэропортунун жолу начар салынып жатканын айтты (фото)

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-июлда Бишкек-"Манас" Эл аралык аэропорту унаа жолун реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Сооронбай Жээнбеков аталган унаа жолунун стратегиялык маанисин белгилеп, Транспорт жана жол министрлигине бардык оңдоо ишин белгиленген мөөнөттө жыйынтыктоо тапшырмасын берди. Буга катар премьер-министр аталган жолдун чыгыш тарабындагы тилкесиндеги аткарылган иштердин сапаты төмөн экенин белгиледи.

"Жолдогу аткарылган оңдоо иштеринин сапаты аймактык деңгээлге да жооп бербейт. Кыргыз жерине келген меймандардын өлкө тууралуу пикири ушул жолго байланыштуу келип чыгат. Ошондуктан оңдоо иштери жогорку деңгээлде жүргүзүлүшү керек", - деди Сооронбай Жээнбеков.

Транспорт жана жол министри Замирбек Айдаровдун маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата унаа жолунун чыгыш тараптагы бөлүгү толугу менен курулуп бүттү. Буга байланыштуу аталган тилке боюнча автотранспорт каражаттары өткөрүлүп жатат. Ал эми аталган жолдун батыш тарабы оңдоо иштерине байланыштуу жабылган.

Унаа жолунун чыгыш тараптагы бүткөрүлгөн тилкесиндеги кемчиликтерди жоюу ишин реконструкциялоо менен алектенип жаткан компания өз эсебинен аткарууга милдеттенди.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын Рыскулов көчөсү жана Жибек-Жолу кең көчөсүнүн ортосундагы Ала-Арча дарыясынын жээгин оңдоо ишинин жүрүшү менен таанышты.

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун маалыматына ылайык, муздардын тоңуп калуусуна байланыштуу шаар аймагынын суу алдында калуу коркунучу бар. Буга байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте Ала-Арча дарыясын механикалык жол менен тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы тийиштүү мамлекеттик органдарга Ала-Арча дарыясына байланыштуу өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу ыктымалдыгынын алдын алуу боюнча комплекстүү иш-чараларды жүргүзүүнү ташырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан