Евро-2016: Бүгүн финалда Франция-Португалия курамалары беттешип, Европанын жаңы чемпионун аныкташат (анонс)

Бүгүн, 10-июлда Франциядагы Европа чемпиондугу аяктамакчы. Португалия-Франция беттешинде Европанын жаңы чемпиону аныкталат. Финал Париждин борборунан 9 чакырым алыстыкта жайгашкан Сен-Дени шаарында орун алат. Беттешке карата күйөрмандар кызуу даярдыкта, жакшы маанайда келишет. Алардын маанайынын ушундай абалда сакталып туруусуна Эйфель мунарасы салым кошуп турат, себеби 324 метр келген мунара эки мамлекеттин желектеринин түсүндө жарык берип турат.

Айта кетсек, тарыхта эки команданын ортосунда 24 беттеш орун алган. 18 ирет Франция курамасы жеңип чыкса, 5 беттеш Португалия курамасынын жеңиши менен аяктаган. Бир беттеште тең чыгуу катталган.

ПОРТУГАЛИЯ-ФРАНЦИЯ
Стадион:
Сен-Дени шаары. "Стад-де-Франс" стадиону
Калыс: Марк Клаттенбург (Англия)
Башталышы: 01:00 (Бишкек сааты боюнча)

Эки команда бул мелдеште жалпы 6дан беттеш өткөрүштү. Франция курамасы тайпада 2 беттеште утуп, 1 беттеши тең чыгуу менен аяктаган. Ал эми Португалия курамасы тайпада 3 атаандашы менен тең жеңүүчүнү аныктай албай, тең эсепте ойногон. Финалчылардын мелдештеги оюндары жана жыйынтыктарына токтолобуз.

Тайпалык баскыч. 1-тур

Португалия-Исландия - 1:1

Франция-Румыния - 2:1

Тайпалык баскыч. 2-тур

Португалия-Австрия - 0:0

Франция-Албания - 2:0

Тайпалык баскыч. 3-тур

Венгрия-Португалия - 3:3

Швейцария-Франция - 0:0

Жарым чейрек финал:

Франция-Ирландия - 2:1

Хорватия-Португалия - 0:1

Чейрек финал:

Польша-Португалия - 1:1 (пенальтилер сериясы - 5:3)

Франция-Исландия - 5:2

Жарым финал:

Португалия-Уэльс - 2:0

Германия-Франция - 0:2

Финал:

Португалия-Франция

Бул жолу кайсы команданын күйөрмандары жер карашат, кайсы команданын фанаттары бактылуу болушарын убакыт көрсөтөт. Бирок 90 мүнөт ичинде фанаттар командаларын колдоосуз калтырышпайт. 81 миң күйөрманды батыра алган "Стад-де-Франс" стадиону шаңга бөлөнмөкчү.

Коомдук тартипти көзөмөлдөөгө 3400 полиция кызматкери тартылды. Алар стадиондун ичинде, тышында жана коомдук транспорттордо баш аламандыктын алдын алуу аракетин көрүшөт.

Криштиану Роналду - Антуан Гризманн

Антуан Гризманн - 6 гол

Криштиану Роналду - 3 гол

Команда лидерлери катары дал ушул оюнчулар саналууда. Мындай салыштырууга оюнчулардын эсептериндеги голдор гана себеп болууда. Негизи, эки оюнчунун лидерлик сапаттарында айырма өтө чоң. Криштиану командасын шыктандырып, оюн жана машыгуу учурунда башкаларга үлгү болуп келет. Анын Польшага каршы беттеште пенальтилер сериясында кайсы оюнчулар пенальти теберин чечип койгону (адатта машыктыруучу өзү чечет) анык лидер экенинен кабар берет. Команданын ойноо стили - жапа тырмак коргонуу, жапа тырмак чабуул. Андыктан Роналду коргонууга чейин келип, атаандаштын чабуулун токтотууда да өзүн мыкты көрсөтүүдө.

Ал эми 25 жаштагы Антуан Гризманн тууралуу жаман айта албайбыз. Таланттуу, мыкты оюнчулардын катарын толуктайт, бирок ал лидер катары өзүн Криштиану Роналдудай көрсөтө элек. Ал командада бул ролду Пайет, Погба сыяктуу футболчулар менен бөлүшүп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (46)
mma_fighter
2016-07-10 20:12:36
France чемпион 100%+100%
-7
LEGENDA.
2016-07-10 20:46:47
Порту жеңет. 1-0 же 2-1ге)
+3
okumushtuu
2016-07-10 20:53:07
Португалия эптеп келди финалга эми эптеп утат нани рони куареждер бар буйруса роналдунун голуна кыйкырам
+3
Patriot..kg
2016-07-10 21:38:08
Португалия делай!
+1
bek-94
2016-07-10 21:45:20
Португалия удачи
0
arawan
2016-07-10 21:45:27
португалия3:0франция ушундай болот коросунор го портунун да защитасы мыкты
0
Genar.benicio
2016-07-10 21:56:48
Я за францию! Минусту баскыла! Ха ха ха Роналдонун желдеттери...
-5
s5kgbal
2016-07-10 23:42:55
Genar.benicio, же менда Жетими дейимби
-2
Kainar20
2016-07-10 22:02:31
Гарантия порту женет
+1
Matilda
2016-07-10 22:29:13
Жалан эле кыздар го Португалияны колдогондор,ал жакта Роналдунун сулуулугу учун.Баары тушунуктуу.Франция!!!!!!!
-5
Kiyal4499
2016-07-10 23:25:39
Португали чемпион болот буйруса
+1
Nur1k
2016-07-10 23:42:40
Оле Оле оле оле Португалия чемпион!
0
mma_fighter
2016-07-10 23:52:35
Гризмандын ооматы келди го. Алтын топту да ушул бала алат
-1
ms.jiba
2016-07-11 01:07:32
Португалия Португалия мен порт учун . Утулсада португаля мен учун номер бир!!!
+1
sadas
2016-07-11 01:55:54
Negizi Germania chempion boluw kerek bolchu. Germania jakwy oinowot bawkalarga karaganda, ne udachno bolup kaldy owondo prosto
0
Adi.Avazbekov
2016-07-11 03:58:14
Chempion portu
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан