Бишкекте 11-июнга караган түнү Франциядагы футбол боюнча Европа чемпиондугунун ачылышы орун алды. Ачылыш беттеши Сен-Дени шаарындагы "Стад де Франс" стадионунда орун алып, Франция курама командасы менен Румыния кез келди. "А" тайпасында жайгашкан командалардын беттешинде 2:1 эсеби катталып, үй ээлери жеңип чыгышты.
Командалар кооптуу абал жаратышканы менен, алгачкы таймда эсеп ачылган жок. Франция курамасы бул таймда күйөрмандарын ирээнжиткенге үлгүрдү, себеби мелдеште чемпиондукка талапкер команданын мындай оюну көптөргө "сюрприз" болду.
2-таймдын башында (57-мүнөттө) форвард Оливье Жиру гол киргизип, Франция курамасын эсеп катыштыгында алдыга чыгарды. 8 мүнөттөн кийин румындар эсепти теңешти. Богдан Станку 11 метрлик айып соккусун дарбазага таамай багыттай алды. Оюн бүтөрүнө саналуу мүнөттөр калганда Димитри Пайет сол буту менен топту дарбазанын үстүнкү бурчуна таамай багыттап, франциялыктарга жеңиш алып келди.
Жыйынтыгында Франция курамасы 3 упайга ээ болуп, "А" тайпасында лидерлик сапка чыкты (башка командалар ойной элек).