Франция курамасы Европа чемпиондугунун жарым чейрек финалында Ирландия курамасын утуп, чейрек финалга жолдомо алды. Лион шаарындагы "Стад де Люмьер" стадионундагы беттеште 2:1 эсеби катталды.
Беттештин 2-мүнөтүндө Роберт Брэйди эсепти ачып, ирландиялыктарды алдыга алып чыкты. Бул көрүнүштөн кийин француз футболчулары демилгени колго алышканы менен, алгачкы таймда башка гол жаралган жок. 57-мүнөттө жана 61-мүнөттө Антуан Гризманн эки ирет айырмаланып, 4 мүнөт ичинде оюндагы артыкчылыкты өз командасы тарапка которду. 66-мүнөттө ирландиялыктардан Шейн Даффи кызыл айып кагазын алып, команда 10 футболчу менен оюнду бүтүрдү. Жыйынтыгында Ирландия курамасы мелдештен четтеп калды. Франция курамасы чейрек финалда 3-июлда Англия-Исландия командаларынын жеңүүчүсү менен ойномокчу.