Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев "Баткен шаарындагы суу менен камсыздоо жана каналдаштыруу тутумдарын реабилитациялоо" долбоору боюнча макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол койду.
Кредиттик макулдашууга кыргыз өкмөтү жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан 2015-жылдын 8-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган. Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылдын 1-июнунда кабыл алынган мыйзамдын максаттары – Баткен шаарын суу менен камсыздоону жана каналдаштыруу тутумдарын төмөнкү жолдор менен жакшыртуу:
- капиталдык инвестицияларды каржылоо;
- бул инвестицияларды даярдоо жана жүзөгө ашыруу үчүн консультациялык кызматтарды көрсөтүү;
- корпоративдик өнүктүрүү, кызыкдар тараптарды социалдык колдоо жана катыштыруу программасын даярдоо жана жүзөгө ашыруу үчүн консультациялык кызматтарды көрсөтүү.
Жогоруда аталган келишимдер суу менен камсыздоону жана каналдаштыруу тутумдарын мындан ары жакшыртуунун артыкчылыктуу маселелерин чечүүнү көздөйт жана суу секторунун өнүгүшүнө оң таасир этет.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.