Премьер-министр Сооранбай Жээнбеков 14-июлда республикалык бюждеттин чыгымдарын оптималдаштыруу боюнча жыйын өткөрдү. "Биз үнөмдөлгөн каражатты токтоосуз чыгымдарды жабууга багыттоо аркылуу натыйжалуу пайдаланууну сунуштап жатабыз. Биринчи кезекте ал каражаттар инфраструктуралык объектилердин курулушуна жумшалат", - дейт Жээнбеков.
Каржы министри Адылбек Касымалиев маалымдагандай, бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максатында чыгымдарды оптималдаштыруу чаралары иштелип чыкты. Үстүбүздөгү жылы 2,7 миллиард сом: мамлекеттик сатып алуулар боюнча 2 миллиард сом жана “коммуналдык тейлөөлөр боюнча чыгымдарды жабууга атайы каражаттар” беренеси боюнча 700 миллион сом үнөмдөлүшү күтүлүүдө.