Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев 2015-жылы 588 153 сом 58 тыйын айлык алган. Мындай сумма министрдин 2015-жылга карата тапшырган декларациясында көрсөтүлгөн. Базарбаев жалпы аянты 78,20 чарчы метрди түзгөн батирге, 15 чарчы метрлик унаа токтотуучу жайга жана 2000-жылы чыккан Мерседес үлгүсүндөгү унаага ээлик кылат. Декларациясында жакын туугандарынын киреше жана чыгашаларын көрсөткөн эмес.
2013-жылы да жогорудагы мүлктөргө гана ээ экенин көрсөткөн. Алган айлыгы 355 107 сомду түзгөн.