Жогорку Кеңештин депутаттары Игорь Чудинов, Чолпон Жакупова, Кенжебек Бокоев 19-июлда сенатор Ян Филип Либицки баштаган Польша делегациясы менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык мамилелердин келечеги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өнүктүрүү жаатында тажрыйба алмашуу тууралуу пикир алышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Жогорку Кеңештин Польша менен достук тобунун жетекчиси Игорь Чудинов кыргыз-поляк мамилелери өз ара кызматташтык жана өнөктөштүк мамилелерге таянуу менен жандана баштаганын белгиледи. Депутаттын пикири боюнча, эки тараптуу мамилелерди, айрыкча экономикалык тармактар боюнча андан ары өнүктүрүү зарыл. "Кыргыз Республикасы менен Польшанын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 24 миллион евро өлчөмүндө. Бизде негизинен тамеки менен буурчак экспорттолууда. Бул иш жүзүндөгү биздин мүмкүнчүлүктөрдү ачып бере албайт. Ошондуктан ишкерлердин өз ара алакаларын арттыра турган мыйзам базасын бекемдөө керек", - дейт ал.
Ал эми сенатор Ян Филип Либицки Кыргыз Республикасынын парламенттик демократия салттарын өнүктүрүү жаатында жасап жаткан аракеттерин колдой турганын айтты. Ал экономикалык жактан кызматташуу маселелерине кайрылып, Польша бул багытта өнөктөштүк мамиле түзүүгө кызыкдар экенин, ал үчүн парламенттер аралык байланышты жөнгө салуу зарылдыгын кошумчалады.