Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Түркия парламентинин төрагасы Исмаил Кахраман менен жолугушту. ЖКнын маалымат кызматынан 25-июлда билдиргендей, жолугушууда Кыргыз мамлекети менен Түркиянын кызматташуусу жогорку деңгээлде экени белгиленип, маданий-гуманитардык, соода-экономикалык жана парламенттер аралык байланышты күчөтүү багытында кызматташууну жандантуу кадамдары талкууланды.
Ошондой эле 2016-жылдын күзүндө Бишкекте өтүүчү Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин даярдыктары жана саммити тууралуу пикир алышуу болду. Турсунбеков менен Кахраман эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого даяр экендиктерин билдиришти. Жолугушууну Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчилиги уюштуруп, ага элчи Ибрагим Жунусов да катышкан.