Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абиш Халмурзаев Баткен шаардык кеңешинин депутаттары жана активдери менен жолугушуу өткөргөнүн 26-июлда облустук администрациядан кабарлашты. Жолугушууда шаардын жол, суу, электр энергия, тазалык жана көрктөндүрүү боюнча көйгөйлөрү талкууланды. Талкуунун жүрүшүндө Баткен шаарында негизги айыл чарба продукциясы өрүк болгондуктан, аны кайра иштетүүчү цех жана логистикалык борбор ачуу, кооператив түзүү маселеси белгиленди. Мындан сырткары сууну үнөмдүү пайдалануу үчүн тамчылатып сугаруу системин киргизүү зарыл экендиги айтылды. Абиш Халмурзаев шаарды өнүктүрүүгө бар мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, Баткен шаары облустун борбору катары элдин турмуш шартына бардык шарттарды түзүп берүү керектигин белгилеп, маселелерди чечүүдө биргелешип иш алып барууга чакырды. Ошондой эле шаардын тазалыгын сактоо, көрктөндүрүү боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.