Жалал-Абад облусунун жергиликтүү сотторунун 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгү боюнча жыйынтыктоочу чогулушу өттү. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматы 26-июлда билдирди. Ага Жалал-Абад облустук сотторунун судьялары, райондук, шаардык соттордун төрагалары жана судьялары катышышты.
Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Шаршенбек Камбаров чогулушту ачып, анын орун басарлары өздөрүнүн баяндамаларында жергиликтүү соттордун отчёттук мезгилдеги ишмердүүлүгүн 2015-жылга салыштырып, статистикалык маалыматтарды чагылдырышып, сот адилеттигин ишке ашырууда судьялардын жана жалпы соттордун сапатынын көрсөткүчтөрүн белгилешти.
Анда айтылгандай, Жалал-Абад облусунун жергиликтүү сотторуна 2016-жылдын алгачкы айынан бери 1212 кылмыш иши түшүп, 2015-жылга салыштырмалуу 260 ишке көбөйгөн. Кылмыш иштери боюнча облустук сотко апелляциялык тартипте кароого 165 иш түшүп, былтыркы жылга салыштырганда 23 ишке азайган. Облустук сотко кассациялык тартипте кароого 89 иш түшүп, былтыркы жылга салыштырганда 30 ишке көбөйгөн.
Жергиликтүү сотторго 5612 жарандык иш түшүп, 2015-жылга салыштырмалуу 7,16 пайызга өскөн. Жарандык иштер боюнча облустук сотко апелляциялык тартипте 111 иш түшкөн, ал эми былтыр 190 иш түшүп же 79 ишке азайган. Кассациялык тартипте 146 иш түшкөн, ал эми былтыр 125 иш түшүп же 21 ишке көбөйгөн.
Ал эми райондор аралык сотуна 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгында 134 экономикалык иш түшүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 67,5 пайызга көбөйгөн. Жалал-Абад облустук сотуна отчёттук мезгилде апелляциялык тартипте кароого 4 экономикалык иш түшүп, 2015-жылга салыштырмалуу 20 пайызга иш азайган, ал эми кассациялык тартипте 3 иш түшүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 66,6 пайызга иш азайган. Райондор аралык сотуна 171 административдик иш түшкөн, 2015-жылга салыштырмалуу 54,97 пайызга көбөйгөн.
Камбаров чогулушту жыйынтыктап жатып, иштерди кароодо сот адилеттигинин сапатын жогорулатууга көңүлдү бурду. Аны менен бирге эле иштерди кароодо создуктурууну болтурбоону белгилеп, сот адилеттүүлүгүн ишке ашырууда мыйзамдардын талаптарын кынтыксыз аткарууга чакырды.