Азербайжандын Конституциялык Соту президенттин мөөнөтүн 7 жылга чейин узартуу демилгесин колдоду

Азербайжандын Конституциялык Соту өлкөнүн Баш мыйзамына түзөтүү киргизүү демилгесин жактырды. Ага ылайык, президент Ильхам Алиевдин президенттик мөөнөтү 5 жылдан 7 жылга узартылат. "Жаңы киргизилген түзөтүүлөр элдик бийлик жана мамлекеттин негизи жөнүндө Конституциянын негизги жоболоруна каршы келбейт жана референдумга чыгарылышы мүмкүн", - деп айтылат Конституциялык Соттун чечиминде.

Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгеси президент Алиев тарабынан өткөн аптада Конституциялык Соттун кароосуна киргизилген. Эми жылдын аягына чейин демилгени жалпы элдик добуш берүүгө коюуга даярдык башталат. Эгер референдумдан колдоо тапса, президенттин кызматта туруу мөөнөтү узартылгандан тышкары бийлик бутагында биринчи вице-президент, вице-президент деген жаңы орундар пайда болору айтылат маалыматтарда. Азыркы Конституцияга ылайык, 2013-жылы үчүнчү мөөнөткө шайланган президент Ильхам Алиевдин мөөнөтү 2018-жылы бүтөт.

Азербайжандагы оппозициялык саясатчылар бул аракетти мыйзамсыз деп атап, бийликти күчкө салып кубаттандыруу көрүнүшү катары баалашууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан