Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков өткөн аптада Сузак, Ноокен, Аксы жана Ала-Бука райондорундагы талаштуу чек ара тилкелери менен таанышты. Ала-Бука районундагы Көк-Серек, Көк-Таш айыл аймактарындагы чек ара тилкелеринин абалын көрүп, Көк-Таш айылындагы чек арага чектеш Гава-Сай айылын кыдырып, чек арачылар менен жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн уккан.
Жыйынтыгында өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнө жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларына өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, чек арага жакын жайгашкан айылдардын коопсуздугун бекемдөө тапшырмасын берди.
Өкмөт мүчөсү райондогу "Бозумчак" кенинде болгону да айтылат маалыматта.