Ысык-Көлдөгү Бөкөнбаев айылынын жашоочулары депутаттарга бир топ көйгөйлөрүн айтып беришти

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаттары Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Тоң районундагы Бөкөнбаев айылынын жашоочулары менен жолугушту. Айыл тургундары эл өкүлдөрүнө көптөгөн маселелерин айтып беришти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди. Башкача айтканда, маянанын аздыгы, адистердин жетишсиздиги, пенсиялык камсыздоо, маданият кызматкерлеринин социалдык, экономикалык шарттарынын начардыгын көтөрүштү.

Фракция лидери Иса Өмүркулов учурда бардык тармакта өзгөрүүлөр, жаңылануулар болуп жатканын айтып, бул багытта көптөгөн программа, долбоорлор ишке ашырылып жатканы боюнча маалымат берди. Ал белгилегендей, учурда өлкө боюнча билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелери курулуп,
оңдолуп-түздөлүүдө. Мисалы, Ысык-Көл облусунда эле 17 мектеп курулуп жатат. Алардын ичинен 6 мектеп мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулуп жатса, 11и "Жер-Үй" кени үчүн төлөнгөн каржынын эсебинен тургузулууда.

Мындан сырткары жергиликтүү эл айылда интернет түйүнүнүн жоктугу бир катар кыйынчылык, түйшүктөрдү жаратып келатканын айтып, депутаттардан айылга интернет жеткирүүгө көмөктөшүүнү суранышты. Алардын айтымдарында, информациялык технология өнүккөн мезгилде интернеттин жоктугу болбогон маселелер менен элди райондун борборуна каттоого аргасыз кылып келүүдө. Эгерде интернет жеткирилсе, айылдыктардын билим алууларын, сырт жактар менен байланышып, маалыматтар менен ыкчам камсыз болуусун шарттамак.

Жолугушууга атайын кошуна Төрт-Күл айылынын эли да келип катышып, өздөрүн ойлондурган, тынчсыздандырган көйгөйлүү маселелерин көтөрүштү. Алардын негизги көйгөйлөрүнүн бири – айылда турак жай курууга жер калбай, жаштардын өз алдыларынча түтүн булата алышпай кыйналып жатышкандыгы. Бир жолун таап маселени оң жагына чечүүнү депутаттардан суранышты.

Фракция лидери айтылган маселелердин чечүүгө мүмкүн болгондорун чукул убакытта чечип берүүгө аракет кылышарын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан