Кыргыз-казак чек арасындагы ветеринардык көзөмөл алына элек. Экономика министри Арзыбек Кожошев өкмөт жыйынында билдиргендей, бул азык-түлүктү экспортко чыгарууга тоскоолдук кылууда. Министр ансыз деле товарларды экспорттоо жана импорттоонун көлөмү төмөн болуп жатканын белгиледи. Ал үчүн тез арада ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен эки тараптуу маселелерди сүйлөшүп чечип алуу керек.
"Кыргыз Республикасы ЕАЭБге толук укуктуу мүчө болуп, чек арадагы бажы көзөмөлү алынганы менен, учурда Кыргыз Республикасынан биримдиктин башка өлкөлөрүнө азык-түлүк товарларын эркин жүгүртүү болбой жатат. Ушул жылдын беш айынын жыйынтыгы менен товарларды экспорттоо 29,3 пайызга жана импорт 8,2 пайызга, Евразиялык союзга мүчө мамлекеттер менен соода жүгүртүү 21,6 пайызга, анын ичинен экспорт 26,9 пайызга, импорт 20,7 пайызга азайган", - деди министр.
Ветеринардык көзөмөл 1-августка чейин алынышы керек эле.