Жарандык активисттер жана саясатчылар Конституцияны өзгөртүүгө каршы кол топтой башташты

Айрым жарандык активисттер жана саясатчылар Конституцияны өзгөртүүгө каршы кол топтой башташты. Бул тууралуу "Азаттык" кечээ, 1-августта жазып чыкты.

Алар "мындай жол менен президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн бийлигин узартуу аракетин көрүүдө" деп айтышууда. Ал эми президент кечээ Ысык-Көлдө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Конституция жоболорду тартипке келтирүү максатында гана өзгөртүлүп жатканын айтты. Бирок Баш мыйзамдын түзүүчүлөрүнүн бири Өмүрбек Текебаев эгер бул өзгөртүүлөр ишке ашса, бийлик бутактарынын тең салмактуулугун бузарын айткан.

Бир нече жарандык активисттер Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесине каршы чыгышты. Мурдагы депутат Равшан Жээнбеков демилге шашылыш даярдалып, референдумга алып чыгууга негиз жок экенин билдирген.

"Акаев менен Бакиев да негизи жок жүйө менен Баш мыйзамды өздөрүнө ылайыктап өзгөртүшкөн. Анан Атамбаев президент болуп келгенде эле 2011-жылдан тарта бийликти узурпациялоого багыт алган. Азыр эми мына ошонун бардыгын чогултуп туруп, бийликти бүтүндөй бир колго топтоо аракетин баштады. Бул мына ошол Конституцияга өзгөртүү киргизүү менен ишке ашары баарына эле белгилүү болуп калды. Атамбаев өзүнүн таасирин сактап калуу жана 2017-жылы бийликтен кетсе дагы өзүнүн кишилерин алып келип, кеңейтилген ыйгарым укуктар аркылуу өлкөнү көмүскө башкаруу жолуна бара жаткан амалы байкалып калды", - деген Р.Жээнбеков.

Алмазбек Атамбаев кечээки жыйында эле экинчи мөөнөткө калуусун сурангандар бар экенин айтып, бирок алардын кайрылуулары менен бийликте калбай турганын кошумчалады. Саясатчы Адахан Мадумаров президент бийликтен кеткен соң өлкөгө "кам" көрүү ою бар экенин билдирди:

"Анын максаты бирөө гана. Ал - бийликти колдон чыгарбай кармап калуу. Атамбаев өзү буга чейин “менден кийин бийликке жашыраак бирөө келип калса эмне болот, мен ошого тынчсызданам” деп айтпады беле. Эмне болмок эле? Эч нерсе деле болбойт. Кыргызстан калат. Манас кеткенде эч нерсе болбогон кыргыз эми Атамбаев бийликтен кеткенде бир нерсе болуп кетеби? Атамбаев жан далбастап, кандай формада болсо дагы бийликте калуунун гана жолун издеп жатат. Болбой калды дегенде бирөөнү бийликке алып келип, аны сыртынан куурчак катары башкарууну көздөп турат. Баш мыйзамдын чийкилигин эми көрө калгансып, ага өзгөртүү киргизүүнү каалап калганы жөн эле шылтоо".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан