Токтогул ГЭСин курууда келтирилген зыянды компенсациялоонун суммасы жогорулайт

"Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын аймагына Токтогул ГЭСин жана суу сактагыч курууда келтирилген зыянды компенсациялоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү кирди. Президент Алмазбек Атамбаев кол койгон мыйзамды Жогорку Кеңеш 2016-жылдын 29-июнунда кабыл алган. Өзгөртүүгө ылайык, Токтогул ГЭСин жана суу сактагычты курууда келтирилген зыянды компенсациялоонун көлөмү жогорулайт. "Электр станциялары" ишканасы жыл сайын Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебине которулчу сумма 70 миллион сом деп белгиленди. Буга чейин иштеп келген мыйзамга ылайык 43 миллион сом болгонун президенттик аппараттан билдиришти.

Мыйзам расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан