Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жакынкы арада Владимир Путин менен жолугат

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган август айында Орусияга Владимир Путин менен жолугуу үчүн барарын билдирди. Бул жөнүндө "РИА Новости" агенттиги 2-августта жарыялады.

“Мен 9-августта Санкт-Петербургда болом. Орусиянын президенти менен жолугуп, биздин экономикалык мамилебиз жана Орусиянын атылган учагынын кесепетиндеги каатчылык тууралуу сүйлөшөм”, - деген Эрдоган Анкарадагы экономикалык форумда.

Эске салсак, Орусия менен Түркиянын ортосундагы мамиле 2015-жылы Түркиянын учагы Орусиянын учагын атып түшүргөндөн кийин солгундаган. Орусия Түркияга карата бир нече экономикалык чектөөлөрдү киргизген.

Бул кырдаал Эрдоган Путинге кечирим сурап кат жазган соң калыбына келе баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан