Президент Алмазбек Атамбаев 3-августта Чолпон-Ата шаарындагы резиденцияда Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун башчысы Кубанычбек Кулматовду кабыл алды. Президенттик аппараттан кабарлашкандай, жолугушууда президентке айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай аймактарында чакан жана орто бизнести каржылоо боюнча аткарылып жаткан иш тууралуу маалымат берилди.
Кулматов өнүктүрүү фонду тарабынан 118 миллион долларлык ар кандай багыттагы 340тан ашуун долбоор жактырылганын, аларга каражат өлкөдөгү банктар аркылуу бөлүнүп бериле турганын айтты.
Мамлекет башчы ишкерлерге узак мөөнөттүү жана арзан насыяларды берүү менен экономиканы өнүктүрүүгө жана өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу боло турганын белгиледи. Андан сырткары фонд тарабынан өлкөнүн аймактарындагы кичи жана орто бизнести колдоого алуу керектигин кошумчалады.