Президент Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду.
Жогорку Кеңеш 2016-жылдын 23-июнунда кабыл алган мыйзам салык мыйзамдарына Кыргыз Республикасынын аймагында импорттолгон товарларга көзөмөлдүк баалардын минималдык деңгээлин аныктоого жана колдонууга байланышкан ченемдерди киргизет жана аларды бузгандыгы үчүн администрациялык жоопкерчиликти белгилейт.
Мыйзам расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.