“Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү кирди. Тийиштүү мыйзамга мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун бүгүн, 4-августта президенттик аппараттан кабарлады.
Кол коюлган мыйзам менен “Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтү аныкталды. Тагыраагы, мыйзам 2019-жылдын 7-февралында күчүнө кирет жана автоунаасын камсыздандырбаган айдоочуларга айып пул салуу чарасы колдонула баштайт. Автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзам Жогорку Кеңештин V чакырылышында кабыл алынып, президент Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын 30-июлунда кол койгон. Мыйзам 2016-жылдын февралында күчүнө кирип, бирок коомдогу нааразычылыктан улам унаасын камсыздандырбагандарга 2018-жылдан тартып административдик чара колдонула баштай турган болгон. Бул мөөнөт эми 2019-жылга жылдырылды.