Алтынбек Капаров өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгонун 4-августта өкмөттөн билдиришти. Өкмөт башчынын башка буйругу менен Бакир Жолчиев өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары кызматынан бошотулуп, ордуна Алишер Абдрахманов дайындалды.