Авариялык-сактоо иштери үчүн керектүү техникаларды жеңилдетилген шартта сатып алууга мүмкүндүк түзгөн мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев "2007-жылдын 6-октябрындагы Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин укук коргоо органдарын жана атайын кызматтарын жабдуу үчүн атайын техниканы жана атайын каражаттарды берүүнүн жеңилдетилген шарттары тууралуу макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2014-жылдын 23-декабрында Москва шаарында кол коюлган экинчи протоколду ратификациялоо тууралуу" мыйзамга кол койду.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2016-жылдын 29-июнунда кабыл алган.

Протоколдун максаты - авариялык-сактоо иштери үчүн керек болгон техникаларды бул макулдашуу тараган атайын техниканын тизмесине киргизүү жолу менен жеңилдетилген шартта сатып алуу механизмдерин түзүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан