Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 5-августта Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевди кабыл алды.
"Учурда коом чиновниктердин жана жарандардын ортосундагы байланышты төмөнкү чекке жеткирүүгө мүмкүндүк берүүчү жана коррупцияны жоюуга шарт түзүүчү "Электрондук өкмөт" жана "Ачык маалыматтар" сыяктуу долбоорлордун ишке ашырылышына үмүт артууда. Фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл пункттарын автоматташтыруу, мектептерди интернет менен камсыздоо, райондук борборлорго чейин була-оптикалык линияны жеткирүү, санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча программада каралган техникалык иш-чараларды жыйынтыктоо маселелерин тездетүү зарыл", - деди өкмөт башчы.
Шаршембиев мекеменин жакынкы пландары жана учурдагы иштери тууралуу маалымат берди. "Учурда 12 долбоор боюнча иш жүрүүдө. Бүгүнкү күндө мамлекеттик тейлөөнүн 2 түрү электрондук форматка өткөрүлүп, жыл соңуна чейин дагы 20 түрүн өткөрүүнү пландаштыруудабыз. Мындан тышкары фитосанитардык көзөмөлдөө боюнча үч пункт автоматташтырылган тутум менен жабдылган, ветеринардык көзөмөлдөө пункттарында аталган тутум үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына чейин тесттик режимде иштеп баштайт”, - деди Бакыт Шаршембиев.