Өлкөдө 3 айдын ичинде түрмөдө отурган 3 миң адам эркиндикке чыгат

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына жана 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн 100 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" мыйзамга кол койду. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2016-жылдын 23-июнунда кабыл алган. Ага ылайык, 3374 жаран абактан бошотулмакчы, алар:

1. Жашы жете электер, биринчи жолу 5 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылгандар.

2. 60 жаштан ашкан эркектер, 55 жаштан ашкан аялдар.

3. I жана II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандар.

4. Үй-бүлөдө жалгыз багуучу болуп саналгандар, бир же андан ашык жашы жетпеген балдары барлар, багуусунда I жана II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдары бар ата-энелер.

5. Чоң коркунуч келтирбеген жана анчалык оор эмес кылмыштар үчүн соттолгондор.

6. Биринчи жолу өтө оор эмес кылмыш жасагандар.

Мындан тышкары түрмөдөн же аскердик кызматтан качып кеткендер ушул мыйзам жарыялангандан кийинки 3 айдын ичинде өз каалоосу менен жаза өтөө жайына же кызмат өтөгөн жерге кайрылып келсе, алар жазадан бошотулат. Ал эми түзөтүү колонияларында отургандардын жаза өтөө мөөнөтүнүн жарымы, атайын ойлонуштуруп кылган кылмышы үчүн 10 жылга чейин камалгандардын жаза өтөө мөөнөтүнүн үчтөн бири, ушундай эле кылмышы үчүн 15 жылга кесилгендердин жаза өтөө мөөнөтүнүн бештен бири, мындай кылмыштары менен 10 жылга камалган жашы жете электердин жаза өтөө мөөнөтүнүн жарымы кыскартылат.

Адам өлтүрүү, зордуктоо жана сексуалдык мүнөздөгү ыплас аракеттерди жасоо, кылмыштуу жолдор менен табылган кирешелерди легалдаштыруу, терроризм, адамды барымтага алуу, мыйзамсыз куралдуу топторду уюштуруу же ага аралашуу, бандитчилик, уюшкан кылмыштуу топторду түзүү, массалык баш аламандыктар, мамлекеттин коопсуздугуна жана конституциялык түзүлүшкө каршы келген кылмыштар, кызматтык кылмыштар үчүн соттолгондорго мунапыс мыйзамынын тиешеси болбойт. Тагыраагы, бул кылмыштар үчүн соттолгондор абактан бошотулбайт жана жаза өтөө мөөнөтү кыскарбайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет жана 3 айдын ичинде аткарылууга жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан