Курманжан датка орденинин үлгүсүн тандоо боюнча сынактык комиссиянын курамы өзгөрдү

Президент Алмазбек Атамбаев кол койгон “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 26-ноябрындагы Курманжан датка орденинин үлгүсүн тандоо боюнча сынак жана анын сыпатталышы жөнүндө" жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу” жарлыкка ылайык, Курманжан датка орденинин үлгүсүн тандоо боюнча сынактык комиссиянын курамы өзгөрдү. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Курманжан датка орденинин үлгүсүн тандоо жана анын сыпатталышы боюнча сынактык комиссиянын курамы:

Фарид Ниязов - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси, комиссиянын төрагасы;

Жанар Акаев - Жогорку Кеңештин депутаты;

Алтынай Өмүрбекова - Жогорку Кеңештин депутаты;

Канатбек Исаев - Жогорку Кеңештин депутаты;

Жылдыз Сманбаева - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын катчылыгынын эксперти;

Улан Жанболотов - Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармалыгынын адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башкы адиси;

Таалайбек Усубалиев - “Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзу” коомдук бирикмесинин башкармалыгынын төрагасы;

Алымбек Абдраимов - “Кыргыз Республикасынын архитекторлор союзу” коомдук бирикмесинин башкармалыгынын төрагасы;

Вячеслав Копотев - геральдика боюнча адис;

Александр Шафир - геральдика боюнча адис;

Султан Макашов - "Кыргыз Республикасынын эл чеберлеринин союзу” коомдук бирикмесинин башкармалыгынын төрагасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан