Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-августта Чүй облусун кыдырат. Өкмөттүк аппараттан кабарлашкандай, Жээнбеков бир катар өнөр жай жана айыл чарба объектилерине барат.
Алгач Панфилов районундагы мал чарбасына тиешелүү болгон азыктарды чыгара турган жана Абердин-Ангус асыл тукум букаларынын уругун даярдоочу ишкананын, сүт азыктарын чыгарган ишкананын, андан кийин Москва районундагы жем чыгаруучу ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышат.
Ошондой эле Жайыл районундагы айыл чарба өндүрүш кооперативи менен фермердик чарбаларга барат.