Алмазбек Атамбаев Кветта шаарындагы террористтик актыга байланыштуу Пакистандын президенти Мамнун Хуссейнге көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кветта шаарындагы көптөгөн курмандыктарга алып келген террористтик актыга байланыштуу Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Мамнун Хуссейнге көңүл айтты. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.

"Кветта шаарындагы террористтик актыдан улам көптөгөн курмандыктар болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасы бул үрөй учурган мыкаачылык ишти чечкиндүү айыптайт жана терроризмге каршы дүйнөлүк коомчулуктун аракеттерин бириктирүү маанилүү экенин белгилейт", - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев курман болгондордун туугандарына жана жакындарына колдоо билдирип, жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан