Сооронбай Жээнбеков: "Мал чарбачылыгынын өнүгүшү - өлкөнүн айыл чарба тармагындагы кечиктирилгис милдеттердин бири"

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 9-августта Чүй облусуна болгон бир күндүк иш сапарынын жүрүшүндө Панфилов районундагы мал чарба продукциясын жана Абердин-Ангус асыл тукум букаларынын уруктарын өндүргөн “Арстанбек” ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Өкмөттүк аппараттан кабарлашкандай, аталган мекеме мал чарба продукциясын жана Абердин-Ангус асыл тукум букаларынын уруктарын даярдап, аны республика боюнча фермерлерге жана жеке жарандарга акысыз таратат. Мындан сырткары ишкана ири мүйүздүү малды жаңыртуу менен жыл сайын эт, сүт азыктарын өндүрүү көлөмүн көбөйтүүдө.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев белгилегендей, мурда иштеп келген мал чарба комплексинин базасында 2002-жылы эт багытындагы ири мүйүздүү бодо малдарды асыроо өнөктүгү башталган. Айрыкча Абердин-Ангус асыл тукум букаларын жергиликтүү Ала-Тоо асыл тукумдуу уйлар менен жасалма уруктандырууну өздөштүрүшүүдө. Ошондой эле ишканада ар бир жандыктын саны электрондук эсепке алынган.

Премьер-министр өз сөзүндө өлкөнүн айыл чарба тармагындагы кечиктирилгис милдеттердин бири болгон мал чарбачылыкты мындан ары да өнүктүрүү керектигин айтты. Ал эми өкмөт мал чарбачылыгы менен алектенген ишканаларды колдоону келечекте да уланта турганын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан