Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 10-августта биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди жана Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаровду кабыл алды. Жолугушууда мамлекет башчысы пенсиялык камсыздоонун азыркы абалы, камсыздоо төгүмдөрдүн, пенсияларды каржылоонун деңгээли, ошондой эле пенсиялык камсыздоо системин өнүктүрүү концепциясын жүзөгө ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат алды.
Соцфонддун төрагасы Теңизбек Абжапаров 2016-жылдын 1-октябрынан баштап пенсияларды көбөйтүүнүн механизмдери жөнүндө президентке баяндап берди. Биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин сөзү боюнча, жогорулатуунун натыйжасында өлкө боюнча пенсиялардын орточо көлөмү 5173 сомго же 110,2 пайызга өсөт.
Президент Алмазбек Атамбаев өлкө жарандарынын алдындагы мамлекеттин социалдык милдеттенмелерин өз убагында жана сапаттуу аткаруунун зарылдыгын белгиледи. “Пенсионерлерге камкордук көрүү мамлекеттин эң маанилүү милдеттеринин бири жана колдо бар мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен пенсиялардын шайкеш көлөмүн камсыз кылуу үчүн бардык аракеттер жумшалышы керек”, - деди президент.
Мамлекет башчысынын сөзү боюнча, пенсиялык системди реформалоо бул чөйрөнү Социалдык фондго бардык төлөмдөрдү ак ниеттүүлүк менен төлөп жаткан жарандарга карата адилеттүү болуп, аларды татыктуу пенсия менен камсыз кылууга багытталууга тийиш. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.