Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барып, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу чараларынын жүргүзүлүшү менен таанышты. Өкмөттүк аппараттан кабарлашкандай, алгач Чолпон-Ата шаарындагы “Рух-Ордо” этнокомплексинин, ден соолукту чыңдоочу борбордун жана ат майданындагы коопсуздукту көзөмөлгө алуу иштерин көрүп чыкты. Жеңиш Разаков мындан тышкары Кырчын жайлоосундагы этношаарчага жана “Тамчы” Эл аралык аба майданына барды.
Вице-премьер-министр Кырчын жайлоосундагы спорттук ат оюндары өтчү жайдын коопсуздугун камсыз кылуу максатында автоунаа токтотуучу жайларды иретке келтирүү, алардын коопсуздугун уюштуруу жана дарыя аркылуу өтүүчү кошумча көпүрөлөрдү коюу тапшырмасын берди.
Иш-чара өтүүчү объектилерди кыдырып бүткөндөн кийин Разаков көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча оперативдүү штабдын мүчөлөрүнүн, облустук жана жергиликтүү администрация башчыларынын катышуусунда жыйын өткөрдү.
Анын жыйынтыгында тийиштүү мамлекеттик органдарга коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча зарыл болгон чараларды татыктуу деңгээлде жүргүзүү тапшырмасын берди.