Бүгүн, 11-августта Борбордук шайлоо комиссиясы Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэрин шайлоонун жыйынтыгы тууралуу протоколду бекитти. Мындай чечимди аталган комиссиянын мүчөлөрү бир добуштан кабыл алышты.
Эскерте кетсек, 2-августта Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэрин шайлоо өткөн. КСДПдан сунушталган талапкер Эрмекбай Топчубаев
2-турдун жыйынтыгы боюнча Кызыл-Кыянын мэри кызматына шайланган. Шайлоого 31 депутат катышып, 1-турда анын талапкерлигине 15 депутат добуш берген. 2-турда Топчубаев 19 добуш топтогон.