Депутаттыкка талапкер Марс Наспеков "Ата Мекендин" тизмесинен чыгарылды

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Марс Наспеков "Ата Мекен" саясий партиясынын тизмесинен чыгарылды. Тиешелүү чечим бүгүн, 11-августта Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда кабыл алынды. БШКнын уюштуруу бөлүмүнүн жетекчиси Айбек Өмүралиевдин айтымында, Марс Наспеков партиянын тизмесинен өз каалоосу менен чыгуу боюнча арыз жазган.

Айта кетсек, Марс Наспеков 2015-жылы парламенттик шайлоодо "Ата Мекен" партиясынын тизмеси боюнча катышкан. Партиянын тизмесинде ал 94-орунда жайгашкан эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан