Алмазбек Атамбаев билим берүү жана илим министри Эльвира Сариеваны кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев билим берүү жана илим министри Эльвира Сариеваны бүгүн, 11-августта кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

"Жолугушууда министр президентке жогорку окуу жайларга тапшыруу кампаниясы жана ушул окуу жылына даярдыктар тууралуу айтып берди. Ошондой эле Сариева бюджеттик орундарды каржылоонун жаңы системи менен тааныштырды. "Акча студенттин артынан ээрчийт" принциби менен болуп, мамлекеттик ЖОЖдорду адилеттүү каржылоо системин камсыздайт", - деп айтылат маалыматта.

Эльвира Сариева өлкөнүн мектептериндеги өзгөртүүлөргө токтолуп, теориялык кыска мөөнөттүү адистикти тандоо программаларына профессионалдык билим берүү да күчөтүлүп жатканын кошумчалаганы белгилүү болду.

"Президент Алмазбек Атамбаев билим берүү жаатындагы коррупцияны жоюп, билимдин деңгээлин көтөрүү үчүн реформалар тыкыр иштелип, эффективдүү ишке ашуусу керектигин белгиледи", - деп билдиришти маалымат кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан