Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жетектеген делегация 11-12-август күндөрү Орусиянын Сочи шаарында өтө турган Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышат. Жыйында Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин кызматташтык маселелери каралат. Анын алкагында эки тараптуу жолугушуулар күтүлүүдө.
Делегациянын курамында вице-премьер-министр Олег Панкратов, Орусиядагы элчи Болот Отунбаев, Бажы кызматынын төрагасы Азамат Сулайманов, КРнын ЕАЭБдеги өкүлү Үсөн Усупов, тышкы иштер министринин орун басары Эмил Кайкиев, өкмөттүк аппараттын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков, экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков бар.